Журналист Чынара Асанова көз жумду

Бүгүн, 22-мартта узакка созулган оорудан улам журналист Чынара Асанова көз жумду. Бул тууралуу Елена Баялинова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал буга чейин Улуттук хирургия борборунда дарыланып жаткан.

Чынара Асанова — Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. 20 жылдан ашуун убакыттан бери ал Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматын жетектеген, президенттик аппаратта иштеген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.