Журналист Жаныбек Жанызак залалдуу шишиктен улам дүйнө салды

Белгилүү журналист Жаныбек Жанызак бүгүн, 17-декабрда дүйнө салды. Бул тууралуу анын кызы Айпери Жанызакова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Билдирүүдө: “Ата, бүгүн апам экөөңөр мени жарык дүйнөгө алып келген күн. Ушул күнү сиз келбес сапарга кеттиңиз. Сиз экөөбүз колубуздан келишинче күрөштүк, сиз чыныгы баатырсыз. Туулган күнүмө чейин жашап, менин акыркы “мен сени жакшы көрөм, атаке” деген сөзүмдү укканыңыз мага эң чоң белек. Сиз каалагандай, небереңиздин атын Семетей коём. Бизде баары жакшы болот”, — деп жазылган.

Буга чейин маркум социалдык тармактагы баракчасы аркылуу химиотерапиянын экинчи курсун алганын билдирген эле.

Жаныбек Жанызак бир нече кыргыз гезиттеринин, сайттарынын негиздөөчүсү, китептердин басып чыгаруучусу катары таанымал.

SUPER TV`нын эмгек жамааты Жаныбек Жанызактын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.