Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга суракка чакыртылганын билдирди

Журналист Канышай Мамыркулова УКМКга суракка чакыртылганын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканда маалым болду.

Анын айтымында, ал Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча саат 14:00гө УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына чакыртылган. «Менин «Бүтүн Кыргызстан» жана Замирбек Шамшидин уулу менен эч байланышым жок», — деди ал. 

Буга чейин ырчы KG Элмурат да УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына чакыртылганын билдирген.