Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду

Бүгүн, 17-апрелде журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду. Жакындары жана санаалаштарынын айтымында, ал оорудан улам көз жумду.

Майрамбек Тойгонбаев соңку жылдары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында эмгектенип, ага чейин КТРК телеканалында иштеген.

Ал 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Большевик айылында туулган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты маркумдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.