Журналист Нургазы Анаркулов: «Ташиев жумушка таңкы 5те келип, түн оогондо кайтат»

«Ташиев жумушка таңкы 5те келип, түн оогондо кайтат». Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы, журналист Нургазы Анаркулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«17-август. Иш үстүндөгү түштөнүү… Эл Баатыры, генерал Камчыбек Ташиевге да, ордолуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге дагы элдин ишеними чоң. Андыктан, дем алыш күн экендигине карабастан, тынбай, эл аралап, курулуштардын жүрүшү, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөл кылып жүрүшөт. Камчыбек Ташиевдин иш графигин эл жакшы билип калды. Жумушка таңкы 5те келип, түн оогондо кайтат. Оштун мэри да генералдын графигин тандап, кем калышпай эмгектенүүдө. Буга чыдабаган аткаминерлер кызматын тапшырып, кетип жатат!» — деп жазылат билдирүүдө.