Журналист: «Садыр Жапаров бир мандаттуу округда Равшан Жээнбековго добуш берди»

Президент Садыр Жапаров №26 Ленин шайлоо округу боюнча талапкер Равшан Жээнбековго добуш бергенин журналист Питер Леонард социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 

«Маалымат каражаттарына атайылап ачыкка чыгардыбы же жокпу, президент Садыр Жапаров бир мандаттуу округда 2019-жылдын августундагы массалык башаламандык боюнча айыпталып соттолуп жаткан Равшан Жээнбековго добуш берди», — деп жазды ал.