Журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалышынын артында бийликтеги таасирдүү фигуралар турганын айтты

Журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалышынын артында бийликтеги таасирдүү фигуралар турганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ооруканадан тергөө изоляторуна жеткирилип жаткан учурда билдирди.

Журналисттин айтымында, бийликтеги таасирдүү фигуралар «подстава» кылышкан.

Журналист Санрабия Сатыбалдиева түнү кармалып, кийин Ички иштер министрлигинен анын опузалап акча талап кылууга шектелип жатканын маалымдашкан.