Журналист Тынчтык Алтымышев УКМКга суракка чакырылды

Журналист Тынчтык Алтымышев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзү социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Мени УКМКдан бүгүнкүгө «конокко» чакырып коюп өздөрү жок да. Конок тосчу жигиттер же телефонун албайт»,- деп жазды.

СЕРЕП МЕДИА агенттиги журналисттин өзү менен байланышканда, ал УКМКга сурак берүүгө кирип бара жатканын, толук маалыматты сурактан чыккандай кийин берерин айтты.