«Жыйын учурунда бастырып кирди» делген журналист Улукбек Карыбек уулу: «Дагы далай коррупциянын бетин ачабыз»

Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет  Барыктабасова журналист Улукбек Карыбек уулун акча иштөө максатында медицина тармагындагы иликтөөлөрдү жасоодо деп сындаганы маалымдалган. Улукбек Карыбек уулу Барыктабасованын билдирүүсү боюнча жооп берди.

«Мени Бермет Барыктабасова акча иштеп жатат деп айтып жатат. Бул мени каралоо, такталбаган маалымат. Мен Ютуб каналымдан ал көрсөтүп жаткандай суммадагы акчаны эмес, бир тыйын ала элекмин», — деп окуя тууралуу токтолуп өткөн.

«Ошол күнү саат кечки 5 боло элек болчу. Биз комментарий алуу үчүн министрликке барганбыз. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков чыгып бизге жолугуп, камерасы жок сүйлөшөбүз деп кирип кетти. Эки сааттан ашык күтүп отурсак чыккан жок. Акыры кирип, бизге маалымат берип койгула деп айтып коёюн десем, бизди бастырып кирди деп видеого тартып, социалдык баракчага чыгарып салышты. Биз эч кимдин жалданма адамдары эмеспиз, медицина жактан далай иликтөөлөр жүрүп жатат. Алдыда чоң коррупциялык иштерди чыгарабыз», — деген журналист.