Журналист Ыдырыс Исаков кайрадан милицияга чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга чакыртылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Эсиңиздерде болсо, баягыда мен “Сарыбашов мырза сизби?” деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмөн милицияга даттаныптыр. Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай атып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр. Эмнеси болсо да суракка барам. Тергөөчүнүн суроолоруна жооп берем. Анан кагаздарга кол коём. Иштер кала берет. Мага чалгандар күтө берет. Макул эми», — деп жазды ал.

Ал буга чейин да Ош ШИИБге ТикТоктогу видеосу үчүн сурак берген.