Журналист Ыдырыс Исаков социалдык тармактагы баракчасына милицияга сурак берип чыкканын жазды.
«Ош шаардык милициясына сурак берип чыктым. Камтама болуп, сурагандардын баарына чоң рахмат. Бар болуңуздар!» — деп жазды ал.
Журналист өзү да, милиция да азырынча кайсы иш боюнча суракка чакыртылганын айта элек.