Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, ал Бишкектеги УКМКга 2-февраль күнү саат 14:00гө чакырылган. Бирок учурда журналист Ош шаарында жашайт.

«Оштон Бишкекке жетип барышым керек экен. УКМК мага жол кире төлөп береби же эртең таңкыга билет алып койду беле? Же менин менчик самолетум барбы? УКМК бир кызматкерине командировочный төлөп берип, Ыдырысты сурак кылып кел деп жиберсе болбойбу?», — деп жазган ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Ыдырыс Исаков иликтөөчү журналист. Ал буга чейин «Азаттык» радиосунда эмгектенген.