«Журналисттер эч качан өлкөнү сатпайт». Депутат Түлөбаев сотторго кайрылды

«Журналисттер эч качан өлкөнү сатпайт». Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

«Журналисттер табиятынан эркин сүйлөгөнгө көнүп калат. Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро, Семетей Талас уулу. Журналисттерди кармарда сөз эркиндигин караш керек. Журналисттер башкача келишет, сезимтал болушуп, өзүнүн оюндагысын бербейт, бирок алар эч качан өлкөнү сатпайт, өлкөгө кыянатчылык кылышпайт. Аларды камоо чечимине келип жатканда гумандуу чечимге барсаңыздар деп соттордон өтүнөт элем», — деди депутат.