«Журналисттер менен сүйлөшүү керек». Балбак Түлөбаев Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

«Садыр Жапаров, сизге кайрылам. Журналисттер менен отуруп сүйлөшүңүз». Депутат Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкө башчысына кайрылды.

«Тыштагы коомчулук, четтеги коомчулук бизге кайрылуу жасап жатат. Нью-Йорк, Вашингтон, Лондон, Парижде отурган эксперт Кыргызстандын ички саясатын каяктан билет? Алар бул жактан жиберилген кат, маалыматтарды эле алып жатат. Ошол үчүн журналисттердин коомчулугу менен сүйлөшүү керек. Журналисттер өзүнүн ичиндеги тартиби жок кээ бир нерселерди ичке салыш керек. Журналисттердин аксакалдары бар. Туура эмес жазгандарды тартипке салуу зарыл. Ошол үчүн алар менен сүйлөшүү абзел. Ички иштер органдарын жаныңызга алыңыз да сүйлөшүңүз. Азыр ушундай көрүнгөнү менен алдыда өлкөгө залакасы тиет», — деди ал.