Жусупбек Коргонбай уулу эми депутат эмес. БШК ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын ыйгарым укуктары арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Ал 2021-жылы Ноокат району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Буга чейин депутат саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди айыптап, жооп катары министр депутатты сотко берген. Мындан улам SUPERTV телеканалы депутаттарга «Коргонбай уулу менен Бейшеналиевдин тиреши кандай аякташы мүмкүн?» деген суроо салган.