Жут түшүп, малы кырылып. Мургаптагы кыргыздар жардамга муктаж

Тажикстандын Мургаб районунда жашаган кыргыздарга жардам керек. Бул туурасында социалдык тармактын колдонуучусу Махабат Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, учурда ал жакта аба ырайы катаал болуп, кар калың түшкөн. Мындан улам жергиликтүү элдин малы кырылып жатат.

“Урматтуу жердештер! Сары-Кол өрөөнүндөгү Мургаб районунун Шаймак айылында жашап жаткан жердештерибиздин абалы оор болуп турган учур. Кар катуу жаап, жут болуп, малдары өлүп жатканына күбө болуп жатабыз. Ушундай кыйын кырдаалда четте карап турбастан, колубуздан келген жардамыбызды берели. «Көп түкүрсө, көл болот»,- дегендей жапа тырмак жардам берели”,- деген Махабат  Кудайбердиева.

Ал жарыялаган сүрөттөрдө кар алдында калган мал-жандыктарды, өлгөн койлорду, күрткүгө тыгылган автоунааларды жана кыштын күнү боз үйдүн ичинде отурган баланы көрүүгө болот.

Тажикстандын кыргыз райондору делген Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда жашаган элдин айрымдары Кыргызстандын Ош жана Чүй облустарына көчүп келип жашап жатышат.