Жутчулук болобу? Чүй өрөөнүндө арпанын түшүмдүүлүгү сепкен үрөндү да актабай жатат

Социалдык тармактар аркылуу Панфилов районунун тургуну “10 гектар айдоо жерибизден бүгүн 500 килограмм арпа алдык. Үрөнгө эле 3 тонна арпа сепкенбиз. Жут келди” деп жазып чыкты.

Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Панфилов районунун Айыл-чарба башкармалыгынын башчысы Айбек Бактыбеков менен байланышканда төмөндөгүчө токтолуп өттү. “Айтылып жаткан маалыматтар чындык. Учурда көп дыйкандар сепкен үрөнүнүн жарымын да ала алышбай жатышат. Талааларда эгин аба ырайынын туруксуздугунан күйүп кетти, бул жылы түшүмдүүлүк өтө төмөн”, — деп билдирди Айбек Бактыбеков.

Буга чейин Чүй өрөөнүндө суу тартыш болуп жаткан.