«Жуунуучу бөлмөсү жок». Чаткалдагы жатак мектептин тарбиялануучулары кандай шартта жашайт?

Акыйкатчы институту Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ленин атындагы мектеп-интернатына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 Мониторинг учурунда төмөнкүлөр ачыкка чыкты:

1) Мектеп ашканасында гигиеналык каражаттар жетишсиз (самын жана антисептиктер); жашылчалар жерде территорияны тазалоо үчүн буюмдар менен аралашып (шыпыргы, калак) жатат; тамак-аш үчүн текчелер жок; тамак жасоо үчүн кесүүчү стол жок (атайын столдун ордуна парта колдонулат); бир гана тоңдургуч камера бар.

2) Медициналык пунктта балдар-бейтаптар үчүн керебеттер талкаланган; киринүүчү жай жок (ванна же душ бөлмөсү); санитардык түйүн жок, башка бардык санитардык ченемдер да жокко эсе.

3) Кир жуучу жайда кир жуугуч машиналар жок, жашы жете элек мектеп окуучулар өздөрү кийимдерин тазикке суу куюп алып колго (коридордо) жуушат, кир жуучу жай өзү шейшеп, төшөнчүлөрдү жууш үчүн гана колдонулат; ысык суу жок, аны ар кандай жолдор менен жылытуу керек.

4) Интернаттын имараттарында суу түтүгү жана канализация жок.

5) Жалпы душ бөлмөсү начар абалда, мындан тышкары жуунуучу бөлмө менен жатакананын ортосундагы аралык 700-800 метрден ашык, анын кесепетинен күз-кыш мезгилинде балдар ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучунда.

Бул интернаттын жетекчисинин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Ага Хан Фонду” интернаттын имараттарын жана жатаканаларын суу менен камсыз кылуу үчүн, ошондой турган мончону оңдоо үчүн 3 миллион сом бөлгөн. Мындан тышкары, БУУӨП ушул эле максаттарга 1,2 миллион сом бөлгөн. Ошондой эле, ал өткөн 5 жыл ичинде интернаттын жетекчилиги ашкананы жана №1 окуу корпусун оңдоого грант тартууга жетишкенин айткан.

«Биз окуучуларыбыздын билим алуусу, тамактануусу жана жашашы үчүн тийиштүү жана ылайыктуу шарттарды түзүүгө абдан аракет кылып жатабыз, бирок мамлекеттин колдоосусуз бардык көйгөйлүү маселелерди чечүү мүмкүн эмес, ошондуктан биздин билим берүү мекеме ушундай кейиштүү абалда, бул балдардын укугун бузуу болуп саналат. Учурда балдар жана кызматкерлер үчүн жатаканалар электр жылыткычтары менен жылытылат, ал эми жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, бизде генератор жок болгондуктан, бөлмөлөрдү жылытууга мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу жогорку жактагы жетекчиликке кабарланган”, — деди интернаттын директору.

Акыйкатчы аппараты Билим берүү министрлиги шашылыш түрдө бардык зарыл чараларды көрүүгө жана бул билим берүү мекемесинин тарбиялануучуларына, мугалимдерине жана кызматкерлерине туура жана мыйзамдарга ылайык шарттарды камсыздоо үчүн натыйжалуу жардам көрсөтүүсү зарыл деп эсептейт.