Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калды.
Анын консультанты: “Өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан соң жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды”, — деди.