Кечээ, 17-декабрында болжол менен саат 16:20да Бишкекте жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
№2-А каттамындагы 107-автобуска тиешелүү Зонг Тонг автобустун айдоочу Бельская менен Гончарная көчөлөрүнүн кесилишинде токтотуп турган. Техникалык жардам зарыл болгондуктан №1 парктан авариялык кызмат көрсөтүлүп жаткан учурда, Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу тайгак жолдон улам рулду башкара албай, токтоп турган автобусту артынан сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен автобуска оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан 1967-жылы туулган №1 парктын слесары жаракат алган. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган слесарь Бишкектеги №4 шаардык ооруканасына жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын” автобус оңдоочу слесары каза болгон.