Жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабаган жол тескөөчү кызматтан алынды

Жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабаган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде социалдык тармактарда милиция кызматкери жүк ташуучу унаанын айдоочусун сабап жаткан видео тараган. Бул факт боюнча ички иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында, ИИМдин дисциплинардык уставын, ички кызмат тартибин, профессионалдык этика кодексинин талаптарын одоно бузгандыгы үчүн жана компетентсиз жүрүм-турумунан, моралдык жана кесиптик сапаттарына коюлган талаптарга туура келбегендиги үчүн, коомчулукта резонанс жараткан Манас РИИБи боюнча ЖКККББнын инспектору милициянын капитаны ээлеген кызматынан бошотулган.