Жыл башынан бери Кыргызстанда 94,1 миллиард сом салык жыйналды

25-ноябрга карата Кыргызстанда 94 миллиард 171 миллион сом салык жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, пландан ашыкча 2 миллиард 301,6 миллион сом жыйналды. 2020-жылга салыштырмалуу кирешелер 23,9 миллиард сомго, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу 22,3 миллиард сомго көбөйгөн.

«Пландын ашыкча аткарылышы салыктык башкарууну жана талдоону жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарына мониторинг жүргүзүүнүн аркасында мүмкүн болду. ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн алкагында бизнести көмүскөдөн чыгаруу, кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүрүп жатат», — деди ал.