«Жылдарынан адашыптырмын». Алтын куйма кармап түшкөн Сабыр Жапаровдун сүрөтүнүн качан тартылганы тактала элек

Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү тарап, талкуу жаратты.

Сүрөт боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев үн катып, эски сүрөт экенин билдирген. «Сүрөт эски, 2016-2017-жылдары тартылган. Азыркы иштерге тиешеси жок», — деген ал.

Бирок коомчулук бул сүрөттүн эски экенине ынанышкан эмес, буга агасынын колундагы бет кап себеп болгон. «2017-жылы эле пандемия болгон бекен?», «бет кап турат го?!» деген сыяктуу сөздөр жазылды. Мындан соң, президенттин маалымат катчысы комментарийлерге жооп берип жатып, сүрөттүн эски экенин, бирок жылдарынан адашып калганын жазды.