21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды. Борбордон үйлүү болуп, үй-бүлөсү менен кубанып турган Элзат Асанованын беш баласы бар. Ал улуу кызы азыр 9-класста окуй турганын айтып, келечекте балдары окууга келгенде бул үй алардын туруктуу очогу болорун билдирди.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Ал “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын райондук жана облустук этаптарынан ийгиликтүү өтүп, республикалык турда баш байгени утуп алган.