«Жымжырттык күнү» 26 миң 181 шайлоочу добуш берет

Бүгүн Кыргызстанда «жымжырттык күнү». БШК дал ушул күнү канча жаран добуш берерин айтты. Маалыматка караганда, БШКга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу  13 396 арыз келип түшкөн:

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 12 785 арыз келип түшкөн:

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу. Ошондой эле:

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.