«Жүргөн жерин айта албайт». Бишкекте Асел Сатыбалдиева изделип жатат

Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан Асел Сатыбалдиеваны издеп жатышат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-август күнү Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. 1988-жылы туулган Сатыбалдиева Асел Шумкарбековна дайынсыз болуп жатканы, аны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.  Сатыбалдиева 29-августта Жеңиш көчөсүндөгү Тынчтык жаңы конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендигин билдирген.

Ал эс тутумун жоготуп, жүргөн жерин айта албайт. Эгерде сиз кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз 0(312) 56-60-43, 0(701) 93-00-90, 0(507)18-18-50 же “102“ кыска номуруна чалсаңар болот.