Жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салган айдоочу айымга айып салынды

Социалдык тармактарда №212 каттамындагы автобустун айдоочу айымынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салган видео тараган. Видеодон көргөндөй, ал каршы тилкеге чыгып, жанаша жүрүп бара жаткан коомдук транспортко күзгүсү тийген.

Милициянын кайгуул кызматы маалымат таратып, айдоочу 15 миң сомго айыпка жыгылганын билдирди.