Жүргүнчүнү айтылган айылга жеткирбей, таңкы саат 4тө көчөдө таштаган айдоочу жазаланды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жарандардан видео кайрылуу келип түшкөн.

Анда белгисиз жаран Телеграм-группалардагы таксилерге чалып, апасы жана келинчеги менен таксиге отуруп, Талас облусунун Чолпонбай айылына жөнөшкөн. Айдоочу ар бир жүргүнчүнү 800 сомдон алып барарын айтып, жолго чыгышкан. Бирок айдоочу жүргүнчүлөрдү Чолпонбай айылына чейин жеткирбей, таңкы саат 4тө суукка карабай, Талас облусунун борборуна таштап кетип калган.

Бул факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү айдоочуну таап, жүргүнчүлөрдү көрсөтүлбөгөн жерден салгандагы үчүн, 3 миң сом айып салып, ал эми унаасын төлөнбөгөн айып пулу үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишти.