Жүрөк элжирейт! Бишкекте окуучулар мектептин кароолчусун туулган күнү менен куттукташты

Бишкекте окуучулар мектептин кароолчусун туулган күнү менен куттукташты. Соцтармакка тараган видеодо окуучулар «биздин мектептин тарыхындагы эң мыкты кароолчу» деп жазышкан. Билдирүүгө улай интернет колдонуучулар окуучулардын ушундай куттуктоосуна жүрөгү элжиреп кеткенин айтышып, балдардын тарбиясына суктанышууда.

Соцтармакта жазылган маалыматка караганда, окуя Бишкектеги № 64 мектепте болгон. Ал эми кароолчунун аты Асан.