Жүрөк хирургиясы институтундагы чыккан өрттөн операциядан кийинки 1 жаш 7 айлык бөбөк жана 16 жаштагы бала Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Окуя болгон учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда жалпы 104 адам, анын ичинде 50 бейтап, анын 19у бала, 32 багуучу жана 22 кызматкер болгон.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунан 31 бейтап жакынкы ооруканаларга жайгаштырылды: 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулду, анда 12 энеге жана эки атага медициналык жардам көрсөтүлдү.
Эки бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө которулду. Академик М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна 15 бейтап, анын ичинде 8 чоң адам жана 7 бала. Операцияга чейинки 19 бейтап үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Бүгүн, 12-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Учурда көзөмөл жүргүзүлүүдө. Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 11 бейтап, анын ичинен 4 бала жатат. Төрт баланын экөөнүн абалы өтө оор. Улуттук госпиталда 2 бейтап жатат, бейтаптардын абалы орто, дарылоо улантылууда.
Өрттөн бейтаптардан тышкары 9 адам жабыркап, истүү газга ууланып ооруканага жаткырылды. Алардын арасында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун 7 медициналык кызматкери жана 2 багуучу бар. Төрт медицина кызматкеринин абалы канааттандырарлык. Үчөөнүн абалы орточо жана туруктуу. Алар тез жардам клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүндө.
Окуянын кесепеттерин жоюуга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, мэриянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин медициналык кызматтары тартылып, Бишкек шаарындагы медициналык мекемелер күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Алты психолог бейтаптар жана алардын жакындары менен иштешип, тез жардам көрсөтүштү.