«Жүрөк оорусу кармап калган». Ошто польшалык альпинист каза болду

альпинист көз жумган жер

7-июль күнү Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусуна барган альпинисттердин бирөөсүнүн жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«2021-жылдын 7-июль күнү болжол менен саат 7:15 чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5 миң 100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган жараны жүрөк оорусу кармап каза болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда,  2-июль күнү базалык лагерге жалпы 14 адам келген. Алардын ичинен 12 адам Орусиянын жарандары болгон. Алар менен чогуу Польшанын 2 жараны келген.

«Базалык лагерде 2 күн турушуп, 4-июль күнү 4400 метр бийикке чыгып, ал жерде 1 күн болушкан. 6-июль күнү 4800 метр бийикке, 7-июль күнү 5100 метр бийикке чыгып, кайра кайткан учурда саптын алдында бара жаткан жаран эс-учун жоготуп жыгылган. Ага жасалма дем алдыруу кылышкан. Бирок өзүнө келе албай каза болгон. Анын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды»,- дешти.