Бүгүн, 23-декабрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдырууда №8 Горький билим берүү мекемесине барып, абалы менен жеринде таанышты. Билим уясында окуучуларга түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.
Ошондой эле мэр мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды кыдырды. Билим берүү мекемесинин аймагына 5 турак-жай жана 3 коммерциялык объект курулуп калган. Алар “Реми” рестораны, “Айгат” кафеси жана “Салам” мейманканасы.
Шаар башчысы жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилердин жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар мектептеги парта, отургучтарды алмаштырууну жана башка кемчиликтерди жоюуну тапшырды.
Мэрдин тапшырмасына ылайык, мектептин аймагын жеке курулуштардан бошотуп, жаңы корпус салуу пландалууда. Учурда аталган мекемеде 2500гө жакын окуучу билим алат.