Жыттай көрбөңүз! Түсү, жыты өзүнө тарткан чымылдык…

Сүрөтчү Влад Ушаков соцтармактагы баракчасына чымылдыктын сүрөттөрүн жарыялады. Пиондун бир түрү болгон бул гүлдү тоолордо өскөн жеринен көргөн болушуңуз мүмкүн.

Чымылдыктын бийиктиги 1 метрге чейин жетет. Ийне жалбырактуу токойлордо жана тоолордо өсөт. Адамдар көбүнчө анын жыттуу, кооз гүлдөрүнө суктанышат. Бирок чымылдыктын уулуу экенин унутпаңыз. Гүлүн көпкө жыттаганда баш айланып, куску келет, баш ооруйт. Өзгөчө балдар үчүн кооптуу.