Көлбаев УКМКнын тергөө абагында калды

Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагында калды. Анын жактоочусу арызды кайтарып алып, бүгүн шаардык сотто Көлбаевдин бөгөт чарасы боюнча соттук отурум болгон жок.

Камчы Көлбаев 22-октябрда шаардагы спорт клубдардын биринен кармалган. Ал “кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча шектелүүдө. Буга чейин Биринчи май райондук соту Көлбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизүү чечимин чыгарган.