“Көзөмөлдү күчөтүү керек”. Азербайжан элчиси Садыр Жапаровго террордук актылардын алдын-алуу керектигин айтты

Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргыз мамлекетинде иш алып барган чет өлкөнүн элчилери, ардактуу консулдары, эл аралык уюмдардын жана Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Анын алкагында, Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджев өлкөдөгү террордук актылардын коркунучу жөнүндө айтып, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоону күчөтүүнү суранды.

«Экстремисттик күчтөр бийликтин алмашуусунан жана өткөөл мезгилден пайдаланып, Кыргыз өлкөсүнө зыян келтириши мүмкүн экендигин белгилеп кетким келет. Мындан улам, сизден дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коргоосун дагы да күчөтүүнү суранам”, — деди элчи.