Төө-Ашуудагы туннель ачылды

Кусейин Көлбаев атындагы туннелде эки тараптуу жол ачылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Бүгүн, 13-июль саат 16:00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы туннелде эки тараптуу жол ачылды. Буга чейин аталган туннелде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылган болчу.