Каабанын үстүнө жабылган кездеменин бир кесими Бишкектеги мечитке берилди

Бүгүн, 1-июнь күнү Бишкек шаарындагы имам Сарахси атындагы мечитке Мекке шаарындагы ыйык Каабанын үстүнө жабылган кездеменин бир кесими белекке берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чарага муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган, анын дин иштери боюнча кеңешчиси Нурсел Өзтүрк, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов жана Шайлообек Атазов жана башкалар катышты.

Түркия тарабынан курулган имам Сарахси атындагы мечит Жибек жолу проспектисинде жайгашкан.