Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча соттук отурум жылдырылды

Кабарчы Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурумдун жылдырылышына жабырлануучу тараптан адамдар келбегени себеп болгон.

Кабарчынын өлүмү боюнча 28-мартта Баткен облустук милициясынан Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголгонун маалымдашып, анын алкагында Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну болгон “Батма-бат” Ютуб каналында иштеген блогер кармалганын билдиришкен. 29-мартта Баткен райондук сотунун токтому менен шектүү Батмакан Жолболдуева бир ай мөөнөткө камакка алынып, 26-апрелге дейре Жаза аткаруу кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №53 мекемесине киргизилген.