Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардвк Биринчи Май райондук соту «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Муканбетованын баш коргоо чарасын карап, аны 23-апрелге чейин үй камагына алуу боюнча чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 22-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Муканбетованы 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармаганын айтышкан. Анда күч органары Муканбетованы Жазык кодексинин 203-беренеси менен (“Опузалап талап кылуу”) шектеп кармашкан.