«Кабыл алууда жүрөт деп ойлошот». Текебаевдин жубайынын тамак жасап жаткан видеосу

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев социалдык тармактагы баракчасына Германияга барганын жазды.

Ал жарыялаган видеодон Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеванын тамакка ашкабак туурап жүргөнүн көрүүгө болот.

«Жашыл жумалыкка деп элчиликке келгенбиз. Элчиликтеги биздин кыздарыбыз, анын башында элчибиздин жубайы баары тең жумуш кылып жатышыптыр. Кыргызстандан фольклор тобу келип, концерт беришет экен. Ошолорго тамак берип коелу дешиптир. Ушундайга туш болуп калдык. Элчинин жубайы болсо эле кабыл алууда жүрүшөт деп ойлошот», — дейт Сариев.