Кадамжайда РИИБдин заманбап имараты курулду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-августта Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн заманбап жаңы имаратын көрүп чыкты.

Мамлекет башчысына Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн эски имаратынын курулганына 80 жылдан ашканын, анын 2011-жылдын июнунда жер титирөөдөн катуу жабыр тартканын маалымдашты. Жыйынтыгында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул имаратты колдонууга жараксыз деп тапкан. Бирок милиция кызматкерлери өз өмүрлөрүн тобокелге салып анда иштөөнү улантышкан.

Учурда аянты 2 миң чарчы метрге жакын эки кабаттуу заманбап имараттын курулушу толугу менен бүткөрүлдү.

Президент куттуктоо сөзүндө бүгүн Кадамжай районунун тургундары, ошондой эле жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн өзгөчө күн экенин белгиледи. Анын айтымында, эски имарат кызматкерлерге гана ыңгайсыздыктарды жаратпастан, жарандарды кабыл алууда да бир катар көйгөйлөрдү жараткан.

Милициянын негизги милдети — мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо экенин баса белгилеген мамлекет башчысы, биринчи кезекте, милициянын ишине баа берген жарандардын укуктары жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн укук коргоо органдарынын бардык кызматкерлерине жана жетекчилерине жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз байланышта иштөөнү улантууну тапшырды.

Садыр Жапаров жакын арада укук коргоо органдарынын жана бюджеттик кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлөрүн кошумчалап, баарына бейпил жашоо жана бекем ден соолук каалады.