Кадамжайда 13 жаштагы Бекмырза Баймурзаев 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

2008-жылы туулган Бекмырза Баймурзаев Ак-Турпак айылында жайгашкан “Куран окуу борборунан” 18-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында чыгып кетип, ошол боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул боюнча Кадамжай районунун Ормош айылынын 37 жаштагы тургуну, баланын атасы милицияга арыз менен кайрылганын Баткен ОИИБден билдиришти. Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 130-135 сантиметр, чачы, кашы, көзү кара, жүзү буудай өңдүү, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: ак түстөгү көйнөк, кара жемпер, кара түстөгү шым, көк түстөгү спорттук бут кийим, башында боз түстөгү кышкы шапка.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү баланы таанып, жүргөн жерин аныктап калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн номурлар: (03655) 5-02-29; 0777 33-84-84