Кадамжайда 14 жаштагы Адина 1 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын тургуну 2009-жылы туулган Тургунбаева Адина Нурбековна өзү жашаган үйүнөн 5-ноябрь күнү саат 02:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, анын апасы милицияга арыз менен кайрылган.

Белгилери: кашы көзү күрөң, бою 150-155 сантиметр, дене бою толук.

Кийген кийимдери: сары түстөгү куртка, кара түстөгү шым, күрөң түстөгү кышкы бут кийим.

Бул арыз Кадамжай РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында, коомчулукка кабарлап, эгерде аталган факт боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөндөгү телефондорго билдирип коюуӊуздарды суранышат. Байланыш номурлар: 102, 03655 5-02-29, 0776 851 010.