Кадамжайда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунда дайынсыз жоголгон 22 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта саат 08:00дөр чамасында 22 жаштагы Яхияева Гүласалхон Исомидин кызы Учкун айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 см, бети тегерек, ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы күрөң түстө, чачынын узундугу болжол менен 15-20 см, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, кара түстөгү жинсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.

«Сүрөттөгү келинди таанып-билгендер болсо 102, 03655 5-02-29; 0704 276 416 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.