Кечээ, 7-январь күнү саат 20:00 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 131-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
1993-жылы туулган айдоочу Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, каршы тилкеге чыгып, Фольсксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.
Кесепетинен Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара каткан Кадамжай районунун 1975-жылы туулган тургуну денесинен алган жараатынан улам Кадамжай райондук ооруканада каза болгон. Ал эми айдоочулар жана жүргүнчүлөр денелеринен жараат алып, Кадамжай райондук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.