«Видео 2 жыл мурда тартылган». Кадамжайда майыптыгы бар адам жана аны сабаган киши тууралуу маалымат

«Майыптыгы бар адамдарды аёосуз урган оорукананын жетекчиси жана кызматкерлери жооп бериши керек» деген депутат Ырысбек Атажанов бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Төбө чачты тик тургузган окуя Кадамжай районундагы психоневрологиялык ооруканада болгон. Аталган окуя социалдык тармактарга тарап, учурда коомчулуктан нааразычылыгын жаратууда», — деди депутат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден маалымат беришти. «Кадамжай РИИБдин Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери бул видео боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп, окуя 2021-жылдын кыш мезгилинде болгондугу ошондой эле видеодо оорулууну уруп жаткан кишини аныктаган.

Текшерүү учурунда азыркы күндө Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы жаран 2021-жылы санитар болуп эмгектенип, суткалык күзөттө турган учурда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткендиктен аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн билдирген. Ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео боюнча сурак жүргүзгөндө бул видео 2021-жылы декабрь айында тартылгандыгы, Кадамжай писихоневрологиялык социалдык стационардык мекеме кызматкерлеринин ички өз ара келишпестиктин айынан аталган видео тасма 2023-жылдын 6-декабрында тарагандыгы маалым болду.

Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ал эми ошол жерде дарылган 32 жаштагы оорулууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Мекемедеги бригадир болуп иштеген, тактап айтканда видеодогу кишиге юридикалык баа берилет»,- дешти.