Кадамжайда милиция кызматкерлери мас болуп көчөдө жаткан 2 кишини үйүнө алып барышты

Кадамжайда милиция кызматкерлери түн ичинде көчөдө калып калган эки жаранды үйлөрүнө жеткиришти. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери 11-12-январь күндөрү катуу сууктан улам Кадамжай районунун аймагында «Селсаяк» аталышындагы иш-чараны өткөрүшүп, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөсүн, кароосуз калган 9 үйдү, курулган имараттарды жана адам жашабаган 198 турак үйдү, кооптуу болгон аймактарды жана коомдук жайларды текшеришти.

Түнкүсүн дагы кайгуулдоо иштерин алып барышып, спирт ичимдигин ичип көчөдө калып калган эки жаранды үйлөрүнө жеткиришти. Бул иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагын кыдырышып, жарандарга бир иреттен суукка балдарын кароосуз калтырбоо дагы эскертилди.