Кадамжайда окуучу кыздын өлтүрүлүшү. Башкы прокурор күнөөлүүлөр өз жазасын аларын айтты

Учурда башкы прокурор Курманкул Зулушев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Курманкул Зулушев Кадамжай районунда мектеп окуучусун зордуктоо жана өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүн жеке көзөмөлүнө алгандыгын, бул иш боюнча бардык күнөөлүүлөр жоопко тартылып, алар өз жазасын ала турганын жолугушууда билдирди», — деп айтылат маалыматта.