Кадамжайда Сталиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннер нааразычылык жаратты

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында Сталиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинген. Социалдык тармактын колдонуучулары нааразы болуп, аны алып салууну талап кылышты. 

Баннер 9-май Жеңиш күнүнө карата орнотулган. Райондун акими Кутпидин Шакиров чуулгандуу баннерди алып салууга буйрук берип, жергиликтүү айыл өкмөт башчысы уруксатсыз илип койгонун айтканын жазышууда.