Кадамжайда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай изделүүдө

Кадамжайда төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2005-жылы туулган Бегимай Кенжебаева 11-июнда болжол менен саат 06:30да Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бул факты Кадамжай райондук милициясынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 160-155 сантиметр, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Бегимайдын жүргөн жерин билгендер болсо, анда төмөндөгү телефондорго чалып койсоңуздар болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16.